Биз менен байланышыңыз

Назарбаев жаштар эмнелерди үйрөнүшү керектигин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 507 | 0

Instagram’да Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдеги интервьюсу жарыяланды.

Андан Назарбаев жаштарга бир катар насааттарын айткан.

«Мен жаштарга бир нерсе айтам, бүгүн жетилип келе жаткан муун бүтүндөй дүйнө жүзүндө иштейт. Туурабы? Жер жүзүндө казактар барбаган жай барбы? Сен башка мамлекеттерге, Африкага барсаң өз мыйзамдарыңды орнотосуңбу, казак экениңди айтасыңбы? Австралия, Америка жана Европа мамлекеттерине барсаң баш ийиши керекпи? Заманбап жаштар — дүйнө жарандары. Андыктан кичинекей курактан тарта ар бир адамдын укугун сактоону, аны түшүнүп, угууну үйрөнүшү керек. Ошондо гана бизди сыйлашат«, — дейт казак лидери.

Буга чейин Назарбаев өсүп келе жаткан муунга бир катар насааттарын айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM