Биз менен байланышыңыз

Кытайда Boeing 737 Max 8 учагын пайдаланууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1243 | 0

Кытай бийлиги Boeing 737 Max 8 учагына бардык ички улуттук авиа-каттамдарда чектөө киргизди. Буга Эфиопиядагы учактын кыйрашы себеп болгонун Кытай Эл Республикасынын (КНР) жарандык авиация башкармалыгы кабарлаган.

“Жергиликтүү саат боюнча 18:00дөн тарта бул авиалайнерлердин бардык каттамдары убактылуу токтотулду. Мындай чара Кытайдагы авиа учуулардын коопсуздугун камсыздоо масктында кабыл алынган”, — деп айтылат аталган мекеменин расмий сайтында

Тийиштүү органдар тарабынан билдирүү берилгенден соң чектөө расмий түрдө алынат, деп айтылат документте.

Boeing 737 Max 8 учагы жүргүнчү учагы Эфиопиядагы Дэбрэ-Зэйт шаарынын жанында кыйроого учурап, ичиндеги бардык жүргүнчү, учкучтар каза тапкан. Учак Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан 08:38де Найробини көздөй чыккан. Ал эми бир нече мүнөттөн кийин эле, тагыраагы 08:44тө байланыш үзүлгөн.

Бортто 149 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон. Набыт кеткендердин арасында 35 мамлекеттин анын ичинде Орусия, Кытай өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM