Биз менен байланышыңыз

«8-марттагы маршта мэрия тараптан мыйзам бузуу болгон жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2019 | 1410 | 1

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршында мэрия тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер башка идеологияларды киргизип жибербесе митингдер ачык өтүп турганы жакшы. Мындай жүрүштөр — бийликтин маселеге көңүлүн бурдурууга болгон аракет.

«Тынчтык жолу менен маданияттуу өтчү митингдерге уруксат берилиши керек. Мэрия туура кылган. Бирок иш-чара тууралуу так айтып, маалымат бериши керек болчу. Азчылыктардын иш-чарасын аялдардын укугун коргоо акциясына аралаштырбоо зарыл. Гейлер эл аралык аялдар күнүнө кошулбай өзүнчө иш-чара өткөрө берсин. Ага укуксат берилиши өзүнчө маселе. Мен өзүм колдобогон соң эмнеге гейлер үчүн жооп беришим керек? Биз марштын соңуна чейин катышкан жокпуз. Митинг кайсыл тараптан каржыланганын айта албайм, жеке мен эч кимден акча алган жокмун. Эгер «Кырк чоро» маршка азчылыктын өкүлдөрү да келерин алдын ала билген болсо, билдирүү таратып койсо болмок», — дейт Жээнбеков.

Ал буга кошунча, «Кырк чоро» коомдук бирикмеси мамлекетте соттордун реформасын, туура башкарууну, экономикалык өсүүнү да талап кылышы зарыл экенин белгиледи.

«Өлкөлөр гейлердин пайда болушунан улам жок болгон эмес. Мамлекеттердин арасында дүйнөлүк өнүгүү бар. Биз колдон келсе ошол стандарттарга жетүүгө аракет кылабыз», — дейт саясатчы.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өткөн. Катышкандардын арасында саясатчы Равшан Жээнбеков, активист Эдил Байсалов, укук коргоочу Рита Карасартова жана башкалар да болгон.

Айрымдар жүрүштү иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду эсептешүүдө. Анткени акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты жазуулар да болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    11.03.2019 18:27

    Равшан женбеков куйту митам элге жакшылыгы жок озумчул уру карупсияанер адм

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM