Биз менен байланышыңыз

«8-марттагы маршты өткөрүүгө уруксат бергендер жоопко тартылышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2019 | 576 | 0

«Кырк чоро» коомдук бирикмеси 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршын феминисттик көз-караштагы адамдар, азчылыктар уюштуруп жатканынан кабары болгон. Мындан улам «Кырк чоро» иш-чаранын өтүшүнө башынан каршы чыкканын бирикменин өкүлү Мирбек Садыков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын өтүшүнө макулдук берген адамдар жоопко тартылышы керек.

«Азчылыктар дагы митингге чыгарын да социалдык тармактар аркылуу билдик. Мэрияга кайрылганда алар уруксат берип койду. Биз иш-чараны өткөрбөөгө аракет кылдык, бирок милициялар, мэрия каршы чыкты. «Кырк чоро» маршка катышпаган айымдарга гүл берди. Гейлерди колдобойбуз, азчылыкты жок кылуу керек, себеби ал биздин менталитетке жат. Убагында вальс да маданият деп кирип келген, эми ал кадимки көрүнүшкө айланды. Азчылыктын талаптары да акырындык менен кадимки көрүнүшкө айлана баштайт. Азыр токтотпосок эртең коркунучтуу болот. Учурда эң ири маселе ушул болуп жатат. Бул иштер биз аркылуу Борбор Азияга жайылат. Мындай иш-чаралар сырттан каржыланып жатат. Тактап айтканда, уюштуруучулар сырттан каржыланган адамдар болду», — дейт Садыков.

Ал кошумчалагандай, марштар аялдардын укугун коргоого чоң эле таасир берет.

Садыков мындан сырткары «Кырк чоро» коомдук бирикмеси коррупция менен күрөшүүдө да үн катууну пландап жатканын белгиледи.

«Жаңжал чыгаруунун үстүндө эмеспиз. Мыйзамдуу иштеп келе жатабыз. Коомго жат көрүнүштөргө каршы чыгууну уланта беребиз. Биз кыргыздар улуу элбиз, жакынкы убакта жоголуп кетчү улут болбошубуз керек. Улутту сактап калууга көп иш-чараларды кылабыз», — дейт Садыков.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өткөн. Катышкандардын арасында саясатчы Равшан Жээнбеков, активист Эдил Байсалов, укук коргоочу Рита Карасартова жана башкалар да болгон.

Айрымдар жүрүштү иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду эсептешүүдө. Анткени акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты жазуулар да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM