Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Акцияга аялдардын укугун коргоо үчүн гана бардым

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2019 | 1999 | 0

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөн акцияга аялдардын билим алуусуна шарт түзүү, укуктарын коргоо жана аларды куттуктоо максатында гана бардым. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мен аялдардын, кыздардын укугу үчүн бардым. Гейлерди коргоо максатында барган жокмун. Уюштуруучулар тарабынан ката кетти. Иш-чарага айрым азчылыктардын да катышаары тууралуу маалыматыбыз жок болчу. Алардын да митингге катышары тууралуу алдын ала айтылса балким көпчүлүк бармак эмес. “Кык чорого” жана башка көп кишилерге кара пиар болуп кетти. Мен жүрүштөгү көтөрүлгөн айрым маселелерди маанилүү деп эсептейм. Зордук-зомбулук, айыл жерлердеги келиндердин статусу тууралуу айтылгандарды колдойм. Аялдардын “чай куйбайм, байпак жуубайм” деп айтууга укугу бар. Бирок мындай жүрүшкө азчылыктын кошулуп кетиши туура эмес. Аялдардын укугу-фундаменталдуу укук болуп эсептелет. Аял канчалык билимдүү болсо, үй-бүлө дагы мыкты болот», — дейт Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай аялдардын укугун коргоо боюнча жүрүштүн өтүшү Кыргызстанга чоң аброй алып келет. Дүйнө коомчулугу мындай акцияларды колдойт.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өткөн. Акциянын колдоо максатында саясатчы Равшан Жээнбеков, активист Эдил Байсалов, укук коргоочу Рита Карасартовалар да барган. Көпчүлүк бул акциянын шылтоосу менен ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду эсептешүүдө. Анткени акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM