Биз менен байланышыңыз

Венесуэлада электр энергия жакынкы сааттарда берилет  

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 740 | 0

Венесуэлада электр энергиясын берүү жакынкы саатарда калыбына келтирилет. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш жана маданият боюнча вице-премьери, байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес жергиликтүү мамлекеттик телеканалдан билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Хорхе Родригестин «Жакынкы сааттарда Венесуэланын аймыганды электр энергиясы 100 пайыз калыбына келтирилет. Монагас, Ансоатеги жана Нуэва-Эспарта штаттарында электр энергиясы берилди»,- деп айтканын агенттик билдирет.

Родригес Симон Боливар ГЭСине собатаж болгону электрдин үзгүлтүккө учурашына себеп болгонун тастыктады.

Кечээ Венесуэланын баш калаасы Каракас жана 20 штатты электр энергиясыз калган. Өлкө Президент Николас Мадуро буга «американский империализм» айыптуу деп айткан.

Copyright © 2017 Maral FM