Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Аялдар – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи

Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 657 | 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Президенттик апараттын маалыматтык саясат бөлүм кабарлагандай, өлкө башчысы өз куттуктоосунда эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турганы белгиленген.

“Кыргызстан аялдары – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи. Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер. Сиздердин назик колуңуздардын кубаттуу күчү жаратман эмгек менен мамлекетибиздин күч-кубатын арттырып, өнүгүүгө багыттоого жөндөмдүү”, — деп айтылат куттуктоодо.

Copyright © 2017 Maral FM