Биз менен байланышыңыз

Түркия: «Гүленчи» делип соттолгондор жарым миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 777 | 0

Түркияда 2016-жылы «ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен» кийин сот жообуна тартылгандардын саны жарым миллиондон ашты. Бул тууралуу эксперттердин иликтөөсүн Kronos кабар агенттиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, алгач төңкөрүшкө катыштыгы бар делип, кийин дин аалымы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар деген кине менен сот жообуна тартылгандар 500 миң 675ке жетти. Алардын 50 миңи белгилүү мөөнөткө эркинен ажыратылып, учурда абактарда олтурушат. Абактагылардын 17 миңин аялдар түзөт.

Ал эми 2016-жылдан бери апалары менен бирге «террордук уюмга мүчө» кинеси менен сотко катышкан жаш балдар 2060 болсо, алардын 700дөн ашууну учурда абакта жатат.

Мындан сырткары, кармоо өкүмү чыгып, өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде издөөдө жүргөндөрдүн саны 22 миң 250 экени айтылат.

Эске салсак, «төңкөрүш» окуясы башталары менен ага айыптуу катары дароо ысымдары аталып, биринчи болуп камалган 2745 сот, прокурорлордун иши тууралуу чуулуу иликтөө жакында жарыкка чыгып, талкуу жаратып жаткан чагы. Журналист Ахмет Дөнмездин бул изилдөөсүндө аталган сот жана прокурорлордун тизмеси «төңкөрүш» окуясына чейин эле даярдалып, анын алгачкы сааттарында эле жарыяланганы ачыкталган. Натыйжада, учурдагы түрк бийлиги өзүнө ыңгайсыздык жараткан кишилерден арылуу үчүн төңкөрүш сценарийин ишке ашырган деген тыянак айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM