Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы аялдар жөнүндө сандар жана фактылар

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 1019 | 0

Аялдардын эл аралык күнүнө карата Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы аялдар жөнүндө фактылар жана сандар менен тааныштырды.

Маалыматка ылайык 2018-жылдын биринчи жарымындагы маалымат боюнча Кыргызстанда аялдардын жалпы саны 3 млн 155 миң. Өлкөнүн калкынын жалпы саны боюнча аялдардын үлүшү 50,4 пайызды түзөт.

Шаарларда жашаган аялдардын саны 1 млн 113 миң, башкача айтканда 35%. Ал эми айылдарда жашаган аялдардын саны 2 млн 42 миң же 65%. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облусунун жашоочусу болуп эсептелинет.

Жумушка жарамдуу аялдар 48% ды түзүп, аялдардын орточо жашы 38 жаш.

Аялдар эң көп «Саламаттыкты сактоо»  «Коомдук тейлөө», «Билим берүү», «Мейманкана жана ресторандарды тейлөө» жана «Чекене жана дүң соода» тармактарында эмгектенишет.

2017-жылы өлкө боюнча 43 миң аял никеге турган. Алардын 41 миңи биринчи жолу үй-бүлө куруп жаткандар. Орточо жаш курагы 24 жаш. Аялдар үй-бүлөө курууга ыңгайлуу курак катары 18-25 жашты эсептешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM