Биз менен байланышыңыз

Huawei АКШ өкмөтүн сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 613 | 0

Кытайдын Huawei байланыш компаниясы АКШ өкмөтүн сотко берди. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Ага ылайык, доо арыз Техастын аймактык сотуна тапшырылган.

Huawei АКШ өкмөтүнүн ишкананын түзмөктөрүн пайдалануучу компаниялар менен бизнес-өнөктөштүккө койгон чектөөлөрүн мыйзамсыз деп эсептейт.

Huawei компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ өкмөту койгон чектөөлөрүнүн себебин далилдер менен түшүндүрүп бере алган эмес.

Буга чейин Канаданын өкмөт Huawei ишкансынын каржы директорун сотко берген болчу.

Кытай Канадага каршылык билдирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM