Биз менен байланышыңыз

Кытай Канадага каршылык билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 517 | 0

Кытай Huawei компаниясынын каржы директору Мэн Ваньчжоуну АКШга өткөрүү жараянын баштоо жөнүндө чечим кабыл алынышы менен Канадага каршылык билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышки иштер министринин расмий өкүлү Лу Кан маалымдаганын  РИА «Новости» жазып чыкты.

Ага ылайык, Пекин Канадага эскертме жөнөткөн.

Канаданын Адилет министрлигинин Huawei компаниясынын каржы жетекчиси Мэн Ваньчжоуну АКШга өткөрүү  жараянын расмий түрдө баштады. Мекеме мындан сырткары, Ваньчжоуга тийиштүү кийинки соттук териштирүүлөрдү ишке ашырууга уруксат берди.

Буга чейин Кытай Эл Республикасы АКШны Кытайдын технологиялык өнүгүүсүн токтотуу аракетине айыптаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM