Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кредит алуу арзан жана бюрократиясы жок берилүүсү зарыл

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 698 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК төрагаларын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда мамлекет башчы региондордогу бизнести, экспортко багытталган ишканаларды колдоону улантыш керектигин баса белгиледи.

«Ишкерлердин жаңы долбоорлоруна колдоо көрсөтүү, каржылоо, ошол эле маалда аларга туура бизнес алып барууну үйрөтүш керек. Бул жерде финансы-кредиттик мекемелер алдыңкы ролду ойнойт», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков кредиттерди берүүдө соодага эмес, Улуттук стратегияда белгиленген өнөр жай, кайра иштетүү, энергетика, туризм, айыл-чарба сыяктуу приоритеттүү тармактарга, кепилдик берүүдө региондорго көбүрөөк көӊүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун аягында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында кредит алуу маселеси жер-жерлерге санарип технологиялар аркылуу жеткиликтүү, арзан жана кыска убакытта бюрократиясы жок берилүүсү камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM