Биз менен байланышыңыз

КТРКга башкы директор шайланууда

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 515 | 0

Бүгүн, 6-мартта ушул тапта коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши телеканалдын башкы директорун шайлай баштады. Учурда добуш берүү жүрүүдө.

Талапкерлердин бири “Марал” радиосунун бөлүм башчысы Мирлан Самыйкожо КТРКнын директорлугуна койгон талапкерлигин алды.

Андан башка 7 киши учурда талапкер, алар Ибраим Нуракун уулу, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев айткандай, шайлоо биринчи тур менен бүтпөй калса, сынактын экинчи туру да бүгүн өткөрүлөт.

Эске салсак, КТРКнын башчысы төрт жылга шайланат. Каналдын учурдагы жетекчисинин иш мөөнөтү ушул жылдын 19-мартында аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM