Биз менен байланышыңыз

«Элчилерди тартып келген инвестициясына карап баалоо туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2019 | 735 | 0

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Лидия Иманалиева “Марал” радиосуна берген маегинде эл аралык уюмдар мамлекеттер менен иштешүүгө жардам берерин билдирди.

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын ролу ар бир мамлекет үчүн абдан маанилүү. Кыргызстан эгемендүүлүк алган убакыт аралыгында анча чоң эмес саясий тарыхка ээ болуп, эл аралык уюмдар тарабынан бир топ долбоорлор каржыланган.

«ЮНИСЕФ» мектептерде жакшы иштеп жатат. Таза суу, тамак-аш коопсуздугу жана башка багытта ийгиликтүү иш алып барган уюмдар бар. БУУнун өнүктүрүү программалары да натыйжалуу иштеп жатат. Эл аралык уюмдар биз каалаган мамалекттер менен кызматташууга жол ачат. Биздин саясат көп вектордуу. Ал бир топ кыйынчылыктарга карабастан өсүп келе жатат. Тышкы саясат боюнча мамлекеттин концепциясын көп күтүп жүрдүк. Анда да эл аралык уюмдар менен иштөө керектиги айтылган», — дейт Иманалиева.

Анын билдиргенине караганда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) учурда көп багытта иштеп жатат. Бишкекте ЕККУнун кеңсеси ачылып, уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанда этникалык жана жарандык согуш жок экенине күбө болгон.

Ал эми Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) Индия менен Пакистандын кириши эч кандай коркунуч жаратпайт.

Иманалиева ошондой эле Кыргызстанда күчтүү аскердик дипломатия жок экенин белгиледи.

«Аскердик дипломаттар күчтүү болушу керек. Мен ачылган элчиликтерди жабууга каршымын. Элчилердин ишине өлкөгө тартып келген инвестициянын көлөмүнө жараша баа берүү туура эмес. Анткени бардык элчилер өнүккөн, мыкты өлкөлөргө туш келе бербейт», — дейт Иманалиева.

Ал буга кошумча, орус лидери Владимир Путиндин расмий визити Кыргызстандын аброюн көтөрөрүн кошумчалады.

Путин мамлекеттик визити менен Кыргызстанга келет

Copyright © 2017 Maral FM