Биз менен байланышыңыз

Депутаттар үч өлкөгө элчилерди дайындоого макулдук беришти

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 596 | 0

Жогорку Кеңештин Тармактык комитети Кыргызстандын бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлашты.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети үч өлкөгө:

-Мирослав Ниязовду Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине,

-Мирлан Арстанбаевди Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине,

-Муктар Жумалиевди Бельгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындоого макулдугун берди.

Copyright © 2017 Maral FM