Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Жогорку сотунун төрайымын кабыл алды

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 560 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлышты.

Мамлекет башчысы сот системасы органдарынын негизги милдети мыйзамдуу жана адилеттүү сот аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо экенин белгиледи.

«Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында судьялар корпусу коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керек. Сот системасынын жаңылануусу Улуттук стратегиянын кыска жана узак мөөнөттүү багыттарынын алкагында өлкөнүн өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы алдыдагы Кыргызстандын судьяларынын XI курултайынын ишине ийгиликтерди каалап, жалпы судьялар корпусун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аркылуу өлкөнүн сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Жолугушуунун аягында Гүлбара Калиева өлкөнүн 400гө жакын судьялары жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү судьялардын XI курултайына катыша турганын жана даярдыктар боюнча маалымат берди.

 

Copyright © 2017 Maral FM