Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 583 | 0

“Ново-Южная” суу башатынындагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын айрым райондорунда суу өчүрүлөт.  Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу 2-мартта эрте мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин  Лев Толстой, Жунусалиев, Айни жана Чайков көчөлөрүндө токтотулат.

Ошондой эле Ленин районунун аскер комиссариатынын ОП 36/47 бөлүмүндө, № 55  орто мектебинде, ОсОО “Яшар”  компаниясында, Гагарин көчөсүндөгү Бишкекжылуулукэнерго мешинде жана №5 мончодо суу болбойт.

Мындан сырткары  ЖЧК «Coca-Cola», ЖЧК «Tамга Таш LTD»  жана ЖЧК «Linа» компанияларында суунун басымы төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM