Биз менен байланышыңыз

QIWI электрондук капчыгынын эсеби камакка алынды

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 805 | 0

«Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсынын коммерциялык банктардагы эсептешүү капчыгы камакка алынды

Бул менчик ээлеринин биринин арызы боюнча сот тарабынан ушундай чечим кабыл алынгандыгын Улуттук банк билдирет.

Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешинде тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн. Буга байланыштуу, Улуттук банк тарабынан «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсына 2019-жылдын 1-мартынан тартып төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотууну чечти.

Бул кадам «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсынын милдеттенмелеринин өсүшүнө жол бербөө, кызматтарды керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу ишинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынган.

Улуттук банкы альтернативдик төлөм системаларын жана төлөмдөрдү кабыл алуунун башка ыкмаларын колдонууну сунуштайт.

Улуттук банкы мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде төлөм системасына карата тобокелдиктерге жол бербөө жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM