Биз менен байланышыңыз

Шер-Нияз : «Ата-Мекен» оппозициялык позициясын кармап турат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2019 | 599 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Марал” радиосуна берген маегинде «Ата-Мекен» партиясы өзүнүн конструктивдүү оппозициялык көз карашын жетиштүү деңгээлде кармап келе жатканын билдирди.

Анын айтымында, буга чеийн парламентте ким оппозиция, ким позиция экени белгилүү болуп, «Ата Мекен» оппозицияда турчу.

«Азыр эми КСДПга ушунча укуктар жетишсиз окшойт же КСДП ушунчалык сараңбы, айтор, оппозиция да, позиция да КСДП. Кесиптештериме дайыма айтып келем, биздин («Ата Мекендин») ролду өзүбүзгө бергиле деп. Бул бизде саясий маданият толук калыптанбаганына дагы бир ирет далил болот. «Ата Мекен» экс-президент Алмазбек Атамбаевга каршы, оппозизияда болчу. Эми өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге каршы турса да «Ата-Мекен» өзүнүн конструктивдүү оппозициялык көз карашын, стратегиялык курсун жетиштүү деңгээлде кармап турат» , — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM