Биз менен байланышыңыз

Доналд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу күтүлбөгөн жерден эрте аяктады

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 504 | 0

АКШнын президенти Доналд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жолугушуунун жыйынтыгында макулдашууга барылган жок, бирок «жакшы жана иштиктүү» жолугушуу болгонун Американын президенттик аппаратынын маалымат катчысы Сара Сандерс билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта эки тарап макулдашууга барган жок, бирок эки өлкө делегаттары келечекте дагы жолугушууну күтүүдө. “Эки өлкөнүн лидерлери куралсыздандыруунун ат түрдүү жолдорун талкуулашты”, -деди Сандерс.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс журналистерге саммиттин графиги өзгөргөнүн билдирип, бирок мунун себебин ачыктаган эмес.

Д.Трамп маалымат жыйынында Түндүк Кореянын баардык санкцияларды алып салууну каалаганын, бирок АКШ буга бара албай турганын айтканын CNN жазып чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM