Биз менен байланышыңыз

Өкмөт картошканы сыртка темир жол транспорту менен ташыгандарга көп жеңилдик берди

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 892 | 0

Жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик берилди. Муну менен кошо кошумча кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) 50 пайыздык жеңилдиктер берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Бул чечим айыл чарба продукцияларынын экспортун илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) 50 пайыздык жеңилдиктерди берүү сунушталган.

Ошону менен бирге “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы:

—  экспорттоого арналган картошканы жөнөтүү планынын көлөмүн жүк жөнөтүүчүлөрдүн табыштамаларынын негизинде түзүүгө;

—  Кыргыз Республикасында жүктөө үчүн вагондорду өз убагында камсыздоо үчүн экспортко жиберилип жаткан картошканы вагондордон кечиктирбей түшүрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Муну менен катар жүк алуучуларга жана жүк жөнөтүүчүлөргө жүк салуу максатында вагондорду өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн вагондордон экспорттолуучу картошканы кечиктирбей түшүрүү сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM