Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алайлыктар Ош шаарына жардам катары 28 тонна картошка беришти

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 633 | 0

Чоң-Алай районунун жашоочуларынын атынан Ош шаарына жалпы 28 тонна картошка жардам катары берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Атайын комиссия жардам катары берилген картошканы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж жарандарга, медицина кызматкерлерине, укук коргоо органдарына жана азыркы кырдаалда иштеп жаткан ишканаларга бөлүп берет.

Ош шаарынын мэриясы Чоң-Алай районунун тургундарына ыраазычылык билдирет!

Copyright © 2017 Maral FM