Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Эмне үчүн майда маселелер да жогорку бийликке айтылат?

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 821 | 0

«Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур? Мына ушул жагдайды анализдөө керек», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан конференцияда.

Мамлекет башчы жеринде чечилчү маселелер борбордук бийликтин деӊгээлине кээ бир учурда негизсиз көтөрүлүп жатканын белгилеп, министрлердин элеттин көйгөйлөрүн билбегенин айтып, жергиликтүү эл менен жолугуп турууну сунуштады.

«Мен аймактарда эл менен жолукканда алар көтөргөн маселелердин көпчүлүгү — жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр. Аким институтун бекемдөө боюнча жумушчу топ иштеп жатат, мыйзамдарга өзгөртүү процессин тездетүү керек. Акимдин макулдугусуз бир да кадр жер-жерлерге коюлбашы керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM