Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: “2019-жылы жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд. сом алат”

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 753 | 0

Өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздерин чыңдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында сүйлөгөн сөзүндө белгиленет.

Анда айтылгандай, киреше салыгынын үлүшүн жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

“2019-жылы киреше салыгын бөлүштүрүүнү 50/50 пайыз өлчөмүнөн 70/30 пайыз өлчөмүнө чейин көбөйтүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд. сом алат”,-деп белгилейт мамлекет башчысы.

Мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралганы айтылат. Бул каражат биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM