Биз менен байланышыңыз

Дотацияда отурган региондордогу ишканалар салыктан бошотулду

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 1067 | 0

Дотацияда отурган региондордогу ишканалар салыктардан 10 жылга чейин бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында өткөн «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында айтты.

Президент белгилегендей, дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейин киреше, сатуу, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулган. Бул чечим өкмөттүн тизмеси менен тандалган гана аймактарга тиешеси бар.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы 435 айыл өкмөтү болсо, анын 300дөн ашууну дотацияда отурганы айтылып жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM