Биз менен байланышыңыз

Депутат: Альтернативалык жол акча кымырып калуу максатында башталган

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 556 | 0

Түндүк-түштүк альтернативалык жолу мурдагы президенттин командасынын акча өндүрүп калуу планы болгон. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу “Маралга” айтты. Анын белгилешинче, жолду курууда долбоорду иштеп чыккан ишкана көзөмөлдү да өзү жүргүзөт. Мындай жол-жобо коррупциялык схемага ыңгайлаштырылып чыгарылган деп эсептейт.

Кошумчалай кетсек, түндүк-түштүк альтернативалык жолун куруу үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги 56 млн доллар керек экендигин парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айтты.

Copyright © 2017 Maral FM