Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Грант бергендер дүйнө жүзү боюнча өнүгүүнү колдойт

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 566 | 0

Бюджет кодекси бүтүп, анын алкагында каражаттар кайда сарпталганын суроонун механизми, мыйзамдуулугу пайда болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бюджет колдексинин бүтүшү менен гранттарды ордуна коюп, ирээттөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

«Мындан ары гранттарды баланска киргизип, каражаттарды пайда алып келген тармакка сарптоонун үстүндө иштеп жатабыз. Болбосо гранттык акчага техника сатып алганыбыз менен аларды жаңыртууга акча бөлбөйбүз. Насыя, гранттар боюнча келишимдерди мамлекеттик тилде да жазуу боюнча концепция иштелүүдө. Мындан ары Финансы министрлиги ала турганын да, берүүчүсүн дагы тактап бүткөн соң гана гранттарды башка министрликтерге берет», — дейт Жапаров.

Эл өкүлүнүн билдиргенине караганда гранттар 100% бекер берилет. Бирок алар грант берүүчүлөр каражаттарды белгилүү бир тармакка жумшоо боюнча шарт коёт. Грант берген мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Алар дүйнө жүзү боюнча өнүгүүнү колдойт.

«Грант бергендердин глобалдуу саясаты жер жүзү боюнча өнүгүүнү колдойт. Алар демократияны дагы ошондуткан киргизет. Бирок алардын түшүнүгү менен биздин турмуш дал келбей калууда. Грант берген мамлекттер акчаларын көзөмөлдөп, алар да өздөрүнүн парламентине отчет берет. Бирок биздин келген гранттарды пайдаланууну иштеп чыгууга, эл аралык нормалар боюнча кагаз жазууга деңгээлибиз жетпейт. Кыргыздар макулдашуу жазуу алдында уттуруп коюп жатабыз», — депутат.

Copyright © 2017 Maral FM