Биз менен байланышыңыз

«Буга чейинки өкмөттөрдүн гранттарды ирээттөөгө чамасы жетпей келген»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 593 | 0

Азыркы өкмөт гранттарды ирээттөө аракетин көрүүдө. Буга чейинки премьер-министрлердин бул ишти аткарууга чамасы жетпей келген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев эл аралык уюмдардын гранттарын жалаң гана өнүгүүгө жумшоонүн үстүнөн иштеп жатат.

«Гранттарды киреше алып келген тармакка жумшасак болот. Буга чейин алардын үстүнөн толук караган картина болгон эмес. Грант берген мамлекеттин жергиликтүү эл менен бирге иштешин сунуштайбыз. Бирок биздин өзүбүздүн курулушчулардан маселе чыгууда. Президент алмашкандан бери мурдагы 2 өкмөт башчынын иши сотко өттү. Өлкө башча Сооронбай Жээнбеков 6 жылда гранттарды ирээттөөгө араң үлгүрөт», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү буга кошумча, чет мамлекеттерден грант алуунун ордуна өлкөлөргө бирден аймакты бөлүп берүү сунушун бергенин, бирок бул боюнча өкмөттөн колдоо болбой жатканын белгиледи.

«Мисалы, Нарын же Баткенди Японияга берсек. Алар аймактын инфраструктурасын жана башка абалдарын оңдосо… Дагы башка районду башка мамлекетке бөлүп берсек жакшы болмок», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM