Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 3 млрд доллар грант эффективдүү пайдаланылган эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 595 | 0

26 жылдын ичинде Кыргызстанга 3 млрд долларга (210 млрд сом) жакын грант акча келген. Бирок учурда ал каражаттардын баш-аягы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, келген гранттардын көпчүлүгү кызматкерлерди окутууга, китеп басып чыгарууга, иш сапарларга, брифингдерге сарпталган.

Учурда грант акчалар боюнча инвентаризация жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин өлкөгө келген бардык гранттар тууралуу элге отчёт берүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө.

«Биз грант жана насыя акчалардын үстүндө иштеп жатабыз. Май айына чейин алар кайда сарпталганы тууралуу маалымат беребиз. 3 млрд доллар грант акча кайда кеткенин билебиз. Бирок каражаттар сарамжалдуу пайдаланылган эмес. Гранттардын баары Экономика министрлигине өткөн соң чаржайыт болуп кеткен. Мындан улам 3 млрд сомдун дарегин тактай албай жатабыз. Гранттык акчалар боюнча кимдер күнөлүү экенин аныктабайбыз. Бул маселени укук коргоо органдары карайт. Кийинки муун биз кетирген катачылыктарды кетирбесе экен деп гранттарды ирээтке келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Эми мындан ары келген гранттарды пайда алып келүүчү өндүрүшкө сарптоо пландары бар. Бирок грант бергендердин да талаптары болот«, — дейт Жапаров.

Эл өкүлү кошумчалагандай, насыя акчаларды туура пайдалануу максатында гранттар көбүрөөк энергетика, жол куруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагына келген. 1992-жылдан бери Кыргызстан 402 насыя жана гранттык келишимдерге кол койгон. Анын алкагында өлкө насыя катары 7 млрд 108 млн доллар алган.

Copyright © 2017 Maral FM