Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттен каржыланган канал коомдук болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 571 | 0

Журналист Төлөгөн Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде КТРК кыйыр түрдө мамлекеттен каржыланып жаткан соң телеканалды коомдук деп атоо татаал экенин билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин идеологиясын жүргүзүп, анын саясатын жайылтууда кайсы бир деңгээлде КТРКнын ролу зор.

“Ошондуктан бул канал коомчулуктун жана саясий топтордун кызыгуусун арттырып жатат. КТРК өзгөчө айыл жергесинде көп көрүлөт. Демек, каналды Коомдук телерадиокорпорацияга айлантуу үчүн алгач анын каржы маселесин чечүү зарыл. Бийликтин же салыкчылардын эсебинен каржыланып жаткан каналды Коомдук телерадиокорпорацияга айлантуу мүмкүн эмес», — дейт Сулайманов.

Бирок КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов Сулаймановдун пикирине кошулбайт.

 «Мамлекттин акчасы — салыкчылар чогулткан каражат. Бюджетте бекитилген каражатты эч ким бербей коё албайт. Демек, КТРКнын коомдук канал болбой жатканын акчага байлоо туура эмес, бул жөн гана шылтоо», — дейт Болотканов.

Copyright © 2017 Maral FM