Биз менен байланышыңыз

Мамашова: Батыралиевдин “крышасы” күчтүү болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 827 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова “Марал” радиосуна берген маегинде коррупцияга каршы күрөштө президент Сооронбай Жээнбековго ыраазы экенин билдирди.

Эл өкүлү коррупция менен күрөшкө саясат аралашып кетти деген ойдон алыс. Ал коррупцияга каршы күрөш саясий боёгу жок жүрүп жатканын белгилейт.

«Өз ордунда иштеген чиновник, өкмөткө иштеген адамдар бүгүн жеп жатса, эртең жазаланарын унутпашы керек. Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин учурунда сатылып алынган техникалардын баасы көбөйтүлүп көрсөтүлгөн. Ошол учурда 130 миң евродон кымбатка алынган реомобилдер азыр жараксыз деп табылууда. Батыралиевдин ишинде паракорчулук боюнча кылмыш ишин козгоо керек. Батыралиевдин “крышасы” күчтүү болчу. Ал Фарид Ниязовдун кадры деп көп уккам», — дейт Мамашова.

Ал буга кошумча, «Кумтөр» боюнча келишимдин үстүнөн иштеген адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоп жүргөнүн айтты.

«Кумтөр» маселеси абдан орчундуу. Келишим боюнча компанияны сотко берчу болсок, Нью-Йорктун сотуна гана бере алабыз. Экологиялык зыян үчүн 100 млн доллар каралганы менен экологиялык заяндар андан да көп. Биз мөңгүлөрдү талкалоосуна уруксат берип, мыйзамсыз нерселерди мыйзамдаштырып койдук», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM