Биз менен байланышыңыз

Жаңы стадионунун долбоору түзүлдү (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 1274 | 1

32 жаштагы архитектор Рахатбек Байтелиев Бишкекте курулуучу жаңы футбол стадионунун долбоорун түзүп чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

Аталган долбоор боюнча стадиондун аренасы  25-30 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган.

Анын айтуусу боюнча футбол стадионун курууга эң аз 6 га, жалпы 20 га жер керектелет. Аренанын болжолдуу наркы 30 млн доллар.

Бишкекете футбол стадиону курулат деген менен эч кандай аракет жок. Мен мекенчил архитектор катары ФИФАнын стадиондорго койгон негизги талабын окуп, изилдеп чыгып ушул долбоорду даярдадым. Стадиондун курулушуна аз эмес суммадагы акча керек, баарыбыз биригип колубуздан келген жардамыбызды берсек болот. Мисалы мен долбоорду баштан аяк бекер иштеп бере алам. Мени колдогон  менин кесиптештерим да бар. Башкысы бул теманы көтөрушүбүз керек»,- дейт архитектор Рахатбек Байтелиев.

Эске салсак, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көп функционалдуу футбол стадионунун курулушу үчүн инвесторлорду изилдеп, курулушка кызыккан инвесторлордун билдирүүлөрүн 25-февралга чейин кабыл ала турганын жарыялаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM