Биз менен байланышыңыз

2018-жыл: Мамкаттоо кызматына 61 кызматкердин үстүнөн арыз түшкөн

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 535 | 0

2018-жылы Мамкаттоо кызматынын калкты жана элдик актыларды каттоо бөлүмүнө 61 кызматкердин үстүнөн арыз түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда мамкаттоо кызматынын 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарууда айтылды.

Департамент директору Мухабат Пратова билдиргендей, келип түшкөн арыздардын бардыгына чара колдонулган. Ага ылайык, 38 кызматкер кызмат ордунан бошотулуп, экөөсү кызматынан төмөндөтүлгөн. Ал эми 13 кызматкер жумушундагы пассивдүү катышуусу үчүн эскертүү алышкан.

Жалпы 42 ишкерге эскертүү жарыяланып, 56 кызматкерге сөгүш, 38 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM