Биз менен байланышыңыз

Мамбетов Мамкаттоону жетектей алабы?

Коом | 22 Апр 2019 | 965 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына Алмаз Мамбетов дайындалды. Мамбетов тууралуу коомчулук буга чейин кабардар. Себеби ал Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда өзүнүн маданиятсыз жүрүм-туруму менен элдин сынына кабылган. Мындай жетекчи ири стратегиялык мекемелердин бири Каттоо кызматын жетектей алабы?

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованы иштен бошотуп, өкмөт башчы анын ордуна Алмаз Мамбетовду дайындады. Мамбетов 2017-жылы Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда, аталган шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновду оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркуткан аудио жазуу коомчулукка тарап, бир топ резонанс жараткан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы, мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Алмаз Мамбетов тууралуу оюн айтуу менен бирге уюштуруу иштерине жөндөмдүү адам болсо эле, аталган кызматтын көзүн таап кетерин белгилейт.

— Мен жаңы дайындалган төраганы тааныбайт экенмин. Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда, бир-эки эле жолу көрүшкөм. Негизи бул тармакта мыкты уюштуруучу, көйгөйдү бат чечкен адам болсо эле иштеп кете алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисин дайындоодо буга чейин бир эле жолу ачык тандоо болгон. Мындай пикирин укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Ал учурдагы төраганы өкмөт өзү эле шайлап койгонуна нааразы. Алгач жасай турган иштеринин планын коомчулукка тааныштырса болмок деп эсептейт.

— Менин билишимче, Алина Шаикова жасай турган иштеринин планын коомчулукка тааныштырган Мамкаттоо тармагындагы жалгыз жетекчи. Ал эми жаңы дайындалган төраганын планы менен таанышкан жокпуз, өкмөт өзү эле коюп койду. Бирок бул жерде: «Ким болду?» — деген суроо маанилүү эмес, «Кандай иштейт?» — деген суроо маанилүүрөөк. Негизи план менен тааныштыруу өнүгүп-өсүүгө чоң салымын кошот. Маселен, жаңы дайындалып жаткан адам алдыда аткара турган иштерин ачык айтса, кийин ошону негиз кылып, «Аткарам деген убадаң кана?» — деп сураганга жакшы болот. Сөз бергенден кийин адам ойлонот, алдыга умтулат, ошондо жылыш, өсүш болот деп ойлойм.

Негизи каттоо кызматына амбициясы күчтүү адам керек деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Ал Мамбетов бул кызматка эмне себептен дайындалганы жана кандай критерийлер менен келгени тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалады.

— Ачыгын айтканда, Алмаз Мамбетов  бул тармакта иштеген эмес. Эмне себептен алып келишти? Кайсы критерийлерге таянып алып келишти? Ким билет, балким «Коопсуз шаар» долбоорун демилгелегендир? Же бирөөлөрдүн таанышы, тууганы чыгар? Биз өлкөнү санариптештиребиз деп жатабыз, андыктан IT тармагын түшүнгөн адам келсе жакшы болмок. Келгенден кийин эптеп кароолчу катары отурбай, план коюп иштеш керек.

IT Ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров мамлекеттик каттоо кызматына IT тармагын билген, дасыккан адистерди чогултуп, күчтүү команда түзө билген жетекчи керек деген ойдо.

— Премьер-министр кимди коюш керек экенин билет да. Бул тармакта мыкты иш алып барыш үчүн, күчтүү менеджер болуш керек. Ошондо гана жыйынтык көрсөтө алат.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, жогоруда айтылган кызматка жаш, заманбап технологияны түшүнгөн адис керек. Жаңы дайындалган төрага Алмаз Мамбетов алты айдан кийин текшерилип, отчетун укканда гана, кандай иштегени билинет.

— Заманбап технологияны түшүнгөн, аны алып кете ала турган жөндөмү бар болушу керек. Мамлекетибиздин көп иштери каттоо кызматынан көз каранды. Андыктан, так, туура иштесе, жыйынтыгы жаман болбойт. «Ал адам кандай иштеди? Кайсы көйгөйдү чече алды?» Бул суроолордун жообу жарым жылдан кийинки отчетунан эле билинип калат.

Эске салсак, 17-апрелде тендер чырына байланыштуу Каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде «кайсы бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат. Ошондой эле, КР Премьер-министринин буйругу менен Каттоо кызматынын төрайымы иштен алынган.

Copyright © 2017 Maral FM