Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тендер боюнча кылмыш ишке саясий боек берилип жатат

Коом | 19 Апр 2019 | 930 | 0

 Коррупцияга шектелип кармалган Мамкаттоо кызматкерлеринин жакындары ачылган кылмыш иши боюнча президентке кайрылуу жасашты. Алар «Инфокомдун» жетекчиси Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары Русланбек Сарыбаевдин камакка алынышы туура эмес деген нааразычылыктарын билдиришти. Ал эми УКМК бүгүнкү күнү бул кылмыш ишине саясий боёк берилип жатат деген билдирүү менен, аталган кызматкерлер эмне үчүн кармалгандыгын маалымдады. 

Коррупцияга шектелип кармалган мамкаттоонун стат-катчысы Данияр Бакчиевдин апасы уулу мыйзамсыз кармалып жатканын айтып чыкты. «Анткени, айтылып жаткан тендерге уулум катышкан эмес»,- дейт.

— Японияда окуп келип, өлкөсү үчүн иштеп жаткан жаш адистин канатын кайрып жатышат. Балам тендерге катышкан эмес. Документтерге кол койгон эмес. Анан кандайча айыптуу болуп калат?

Ушундай эле доомат менен Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары Русланбек Сарыбаевдин жакындары да чыгышты. Алар тууганынын ден соолугуна кабатыр. Анткени, Р. Сарыбаев кант диабетинин акыркы стадиясы менен жабыркап келет.

— Азыркы тапта биз Русландын ден соолугун ойлоп жатабыз. Кармалгандан бери канты көтөрүлүп жатыптыр. Биз баарыбыз бул балдар мыйзамсыз кармалды деп жатабыз. Анткени, эч кандай факты жок, күмөн санаган ыкма менен эле камап салышты.

Коррупцияга шектелип кармалган Мамкаттоонун кызматкерлеринин бир туугандары эле эмес, активисттер, укук коргоочулар, чет өлкөдө билим алып жүргөн мекендештер да алардын таламын талашып чыгышты. Социалдык тармактарда «Ачылган кылмыш ишинде башка кызыкчылык бар», — деген билдирүүлөр байма-бай жазыла баштады. Бирок, УКМК учурда бул ишке саясий боёк берилип жатканын айтып, коюлган айыптар тергөө учурунда аныкталарын билдирди. Бул туурасында аталган кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буларга токтолду:

— Тендерди өткөрүүдө жана уюштурууда коррупциялык белгилер бар экендиги, чет элдик компания менен тобокелге салып пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталган. Ошондой эле, тендерде утуп чыккан компания Европа өлкөлөрүнүн биринде коррупциялык иштерге аралашканы боюнча шектелип, тергөө амалдарына тиешеси бар. Муну менен бирге, айрым жетекчилер тендерде жеңүүчү аталган компаниялардын эсебинен чет өлкөгө чыгып тургандыгы далилденди.

Деген менен кылмышка шектелгендерди колдогондор аларга тагылып жаткан айып чындыкка жатпай турганын айтып, мындай көрүнүш башка жаш адистерди да үмүтсүздүккө алып барат дешет. Ал арада Азис Абакиров да Президенттин алдындагы Санариптик трансформация боюнча эксперттик кеңештен чыгуу чечимин кабыл алганын жарыялады. Ошондой эле, ал Кыргызстандын санариптешүү тармагы кыйын абалда калганын да эскерткен.

Юридика илимдеринин доктору, эмгек сиңирген юрист Кайрат Осмоналиев азыркы тапта кандай негизде аталган кишилерди бир катар укук коргоочулар коргоп жатканын түшүнбөй турганын билдирди. Ал тергөө учурунда укук коргоо органдарына басым жасалбай, иш аягына чейин тергелиш керек дейт. «Анткени, УКМК берип жаткан маалыматта айтылгандай, бюджетке алып келиши мүмкүн болгон материалдык чыгым аз акча эмес», — деди.

— Мен азыр укук коргоочулардын эч кандай далил келтирбей туруп, бул иште саясий кызыкчылык бар деп жаткандарына түшүнгөн жокмун. УКМК берип жаткан маалыматта көрүнүп тургандай, сумманын айырмасы чоң. Иштин аягына чейин тергелишин күтүү керек.

Эске салсак, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алуу үчүн тендерди уюштурууда мыйзамсыз аракетке барган деген шек менен «Инфокомдун» жетекчиси Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары Русланбек Сарыбаев камакка алынган. УКМК 319-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүм иштеринде тендерди өткөрүүдө жана уюштурууда коррупциялык көрүнүштөр бар экендигин, чет элдик компания менен пайдасыз келишим түзүлгөндүгүн аныктаган. Мекеменин берген маалыматына ылайык, аталган кишилер Мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы жана экономикалык жактан чыгаша алып келе турган келишимди түзүүгө аракет кылышкан. Эгерде келишим түзүлгөндө, мамлекет 253 млн. 377 миң 750 сомдук зыян тартмак.

 

Copyright © 2017 Maral FM