Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо жарандардын массалык дарек өзгөртүүсүнүн алдын алат

Кыска кабар | 23 Авг 2020 | 661 | 0

Шайлоо алдында массалык түрдө даректерди өзгөртүүнү алдын алуу максатында жарандарды жашаган жерине каттоодо жарандын бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде идентификациядан өткөрүлө турган болду. Эгерде каттоо учурунда турак жайда, жакын туугандарынан тышкары, 10 жана андан ашык жарандар катталганы аныкталса, бул боюнча маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ички иштер органынын бөлүмүнө жана аймактык шайлоо комиссиясына билдирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады.  Мындай чара буга чейин жергиликтүү кеңешти шайлоодо элдин массалык дарек которуусунан кийин иштелип чыккан.

Тийиштүү өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койду, документ расмий жарыялангандан кийин он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

-Ошентип, бул токтом күчүнө киргенден кийин, жашаган жеринде каттоого жарандан, ошондой эле мүлк ээсинен арыз түшкөндө, Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмүнүн адистери «Face ID» технологиясын колдонуп, арыз ээлерин бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде идентификация кылып башташат.

Эгер арыз ээсинин жана/же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин атынан ишенимдүү адам ишеним кат боюнча арыз менен кайрылса, ишенимдүү адамды идентификациялоо бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук болгондо, арыз ээсин же кыймылсыз мүлктүн  менчик ээсин идентификациялоо талап кылынбайт.

Жашаган жеринде катталуу үчүн, жарандар паспорттору жана аскер кызматына жарактуулар аскердик күбөлүгүн (аскердик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк), мурунку жашаган жеринде аскердик каттоодон алып салуу жана жаңы жашаган жеринде аскердик каттоого туруу жөнүндө маалымкат менен кайрылышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM