Биз менен байланышыңыз

Темир уста Талант Ташматовдун паспорту бекер алмаштырылып берилди

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 731 | 0

Кочкор районунда тракторлордун, жүк ташуучу унаалардын жана жүктөгүчтөрдүн үлгүлөрүн түзгөн Талант Ташматовдун паспортун бекер алмаштырып беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Талант Ташматов аттуу жаран 2-топтогу майып, ал бала кезинен бери автоунааларды  жакшы көрөт. Ал унаалардын моделин түзүүдө эч кандай ширетүүнү колдонбойт.

Кочкордогу калкты тейлөө борбору мобилдүү топ жиберип, Талант Ташматовдун паспортун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу акысыз алмаштырып беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM