Биз менен байланышыңыз

Муканова: «Мамкаттоодогу тендер мыйзамдуу өткөн»

Коом | 16 Апр 2019 | 678 | 0

«Инфокомдун» жетекчиси Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары Русланбек Сарыбаев камакка алынды. Кармалгандар чет элдик паспортторду чыгарууда Е-бланкаларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун маалыматына ылайык, бул факт боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш- жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

— 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып,  алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай,  Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн.  377 миң 750 сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген. Бул факт боюнча  Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

Тендердик комиссия «Garsu Pasaulis» жабык акционердик коомун жеңүүчү деп тапкан. Аталган компания бланкаларды 940 миллион 150 миң сомго алып келүүгө даяр болгон. Кыргызстандын коррупциялык иштерге каршы кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканованын пикиринде, Е-бланкаларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузуу болгон эмес.

— Сатып алуучу компаниялар Мамкаттоону «Туура эмес компанияны тандап алды», — деп айыптоодо. Биз тендердик документтерди карап чыкканда, жеңүүчү компания мыйзам чегинде тандалган. Ал жерде эч кимдин күнөөсү жок. Сынактык документтердин баары порталда илинип турат. УКМК: «Мыйзам бузуу болгон», — деп айыптоодо. Алар тендердин жыйынтыгы боюнча Мамкаттоо менен уткан компаниянын ортосунда сүйлөшүү болгонун айтышууда.

Башкы прокуратура тарабынан 2019-жылдын 26-февралында паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердин негизинде кылмыш иши козголгон. Аталган тендерден мамлекет 253 млн. 377 миң сом зыян тарткан. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди.

Ал эми жогорку кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун пикиринде, кармалгандардын үчөө тең айыптуу болуусу күмөн экенин айтат.

— Негизи бул — абдан оор маселе. Себеби, аткаминерлердин көпчүлүгү ушундай учурлардан пайдаланып, таасирдүү адамдарга айланып калгандыгына байланыштуу. Үчөө тең айыптуу экенине күмөнүм бар. Алдыда мындай окуялардын кайталанбоосу үчүн ачыктык болуусу зарыл. Булар регламенттерине өзгөрүүлөрдү киргизип жабык өткөрүүгө аракет кылганы боюнча маалымат чыгууда. Мындан сырткары, тендер өткөргөндө ызы-чуу көтөрүп, арзан сунуштаганын жеңүүчү кылбадыңар деп иш козгоодо. Антейин десең, кээде азыраак сумма сунуштагандардын сапаты талапка жооп бербей калып жатпайбы.

Укук коргоочу Анара Дауталиева каттоо кызматындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу жолдорун төмөндөгүчө түшүндүрдү.

— Өкмөтүн ар бир айда же кварталда отчет бересиңер деген токтому бар эле. Ошолордун баарын карап чыкса болмок. Анан, ар бир квартал сайын, «Канча тендер өткөрүлдү, канча акча сарпталды?» — деген сыяктуу суроолор менен мониторинг жүргүзүү керек. Ошондо жыйынтык болот деген ойдомун.

Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» жеңүүчү болуп табылган.Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы «Тендерде эреже бузууга жол берилди», — деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган болчу. Тендерге катышкан компаниялар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн. 377 миң. 750 сомду түзгөн. Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү бир паспорттун баасы 165 сомго арзаныраак болуп 420 сом турмак. Тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан компания сунуштаган баа 585 сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM