Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Мамкаттоо кызматкерлерине козголгон иш — чагымчылдык

Күн чабыт | 19 Апр 2019 | 1596 | 0

Президенттин алдындагы Санариптик трансформация боюнча кеңештин мүчөсү Азис Абакиров Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин камалышы боюнча президентке кайрылды. Катта камалган жарандардын укугу, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам бузулуп жаткандыгы айтылган. Укук коргоо органдары жана соттор тендерге катышкан бир тараптын кызыкчылыгын коргоп жатканын, сынактын жыйынтыгы менен келишим түзүлө электе иш козголгон факты тарыхта биринчи жолу болуп жатканын кошумчалаган. Абакиров да Президенттин алдындагы Санариптик трансформация боюнча эксперттик кеңештен чыгуу чечимин кабыл алганын жарыялады. Ушунун алкагында биз Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев жана укук коргоочу Рита Карасартова менен маек курганбыз.

Тайырбек Дүйшекеевич, сиз мурда жетектеген кызматтын башчыларына иш козголду. Бирок айрымдар муну атайын уюштурулган сценарий катары баалашууда. Сиз кандай ойдосуз?

— Негизи мен Мамкаттоодо иштегем, ошондуктан күн мурунтан пикир айтардан мурда, укук коргоо органдарынын объективдүү изилдеп чыгуусуна мүмкүнчүлүк бериш керек. Алдын ала бир нерсе айтсам, бир тарапка тарткандай болуп калам.

— Негизи Мамкаттоодо коррупциялык схемалар барбы?

-Схемалар эмес, жеке компаниялар жасап жүргөн учурлар болгон. Алардын бардыгы мамлекетке өткөн. Негизи тендер күндө өтүп турчу нерсе, эгер мыйзам бузуу болсо, тийиштүү кызматттар териштирет деген ойдомун.

— Талант Абдуллаевди санариптештирүүдөгү мыкты адис экенин айтып жатышат. Сиз кандай баа бересиз?

— Мамлекеттик каттоо кызматында электрондоштуруу боюнча бир топ жигит бар болчу, ошолордун бири — Талант Абдуллаев эле. Ал биометрика системасында, паспортту электрондоштуруу системасында чоң эмгектерди жасаган. Буларды ачык айтышыбыз керек.

— Анда ушундай мыкты адис коррупциялык аракеттерге барарына ишенсек болобу?

— Дагы бир жолу айтам, укук коргоо органдарында бүдөмүк ой бар болсо, иликтөө жүрөт. Иликтөөнүн учурунда калыстык жана тактык болот деген ишеним бар.

А бул маселе тууралуу берген суроолорубузга укук коргоочу Рита Карасартова төмөнкүдөй жоопторду берди:

— Мамлекеттик каттоочулардын камалышына каршы тарапта экениңизди билебиз? Эмне себептен мындай көз караштасыз?

— Ал жерде тендер болгон. Мамлекеттик сатып алуу — бул, оюнчук эмес. Ар бир компания өзүнүн документтерин даярдайт. Чечимдердин бардыгы салмактанып туруп кабыл алынат. Утулган компания 5 пункт боюнча ал тендерге кирүүсүнө мүмкүн эмес болчу. Алар атайын төмөнкү сумманы сунушташкан. Булардын максаты: мунун арты менен Мамкаттоого иш козготуу болчу, ошондуктан, бул — атайын жасалган чагым. Биз айтып жатабыз, «Тендерде мыйзам бузуу бар деп камап жатасыңар. Кыргызстанга миллиондогон долбоорду тендерсиз эле берип коюп жатышат», — деп. Мен башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке билдирүүлөрдүн баарын жибердим, «Кана, баланча миллион кеткен долбоордун тендерин көрсөткүлө?» — деп. Бүгүнкү күнгө чейин ошондой ири долбоорлорду тендери жок эле көчөдөн келген компанияларга берип коюшкан. Алардан айырмаланып, айтылып жаткан тендерге эл аралык компаниялар келип, документтерин берип, изин калтырып жатат. Келишимге кол коюла элек, бир сом акча түшө элек. Бул тарыхта биринчи жолу, келишимге кол коюла электе IT адистерине иш козголуп жатат.

— Анда бул жерде тендерден жеңилип калган компанияга артыкчылык берүүдө деген да пикирлер бар. Анда органдардын бул амалынын максаты эмнеде?

— Бул — чагымчылдык, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо (лоббирование) эмес. Анткени, утулуп калган компания кандай кылса да утмак эмес. Бир аракетин таап, кылмыш ишин козгош керек болчу. Себеби, биздин бир IT адистерибиз атйып жатат, «Муну биз деле жасай алабыз, биздики деле жарайт», — деп. Алар азыр жасалып, иштеп жаткан оокатты Орусиялык компанияга берип коюшат. Себеби, Орусия биздин мамлекетке деп которгон кредитин кайра эле өзүнүн компаниясына берүүгө даярданышкан. Келишим түзүлүп койгон, ал жакта тендер да жок. Бирок келишим ратификациялана элек. Ал жердегини УКМК, өкмөт көрбөйт. Анткени, сүйлөшүүлөр бар ал жакта. Мамлекеттер аралык кызыкчылык сатылды деп айтсак болот.

— Эми кандай кадамдарга барасыздар?

— Мен билдирүүлөрдү жөнөттүм, «Бул компания каяктан келген, качан болгон, эмне болуп өткөн?» — деген. Биз түшүнүп жатабыз, аракеттердин баары бийлике багытталганын. Колубуздан келген аракеттерди жасай беребиз кыйкырып, чыркырап. Кыргыз эли акырындан ойгонуп, чечим чыгарат болуш керек.

Copyright © 2017 Maral FM