Биз менен байланышыңыз

Ошто коомдук транспорттордо электрондук билеттер ишке кирди

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 604 | 0

Бүгүн, 25-февралдан тарта Ош шаарында троллейбус жана автобустарга жол акы электрондук карта аркылуу жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, электрондук карта менен төлөө ыкмасы 1-каттамдагы троллейбустарга киргизилди. Ал эми калган каттамдарда үч күндөн кийин толугу менен ишке кирет. Картанын баасы 100 сом болуп, ичинде 36 сом акасы бар.

Белгилей кетсек, учурда коомдук транспорттун баасы троллейбуста 6 сом, ал эми автобуста 8 сом.

Copyright © 2017 Maral FM