Биз менен байланышыңыз

Полиэтилен баштыгын алып кирүүгө тыюу салган долбоор талкууланат

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 713 | 0

“Ысык-Көл” биосфералык аймагына полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча 1-мартта парламенттик угуулар өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Мындай долбоордун иштелип чыгышына экологдордун, жарандык секторлор тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын саны өсүүсү себеп болгон.

Угууда жаратылышка зыян келтирбеген тез жок болуучу материалдардын өндүрүштүн альтернативдик технологиясын өнүктүрүү жана импорттоо үчүн өзгөчө жеңилдиктердин маселелерин талкуулоо күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча калдыктардын жылдык көлөмү 94 000 ашуун куб метрди түзүп жатканда мунун ичинен пластиктин үлүшү 30 дан 50 пайызга чейинки көлөмгө жетиши мүмкүн.

Мыйзамдын негизиде жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандарга айып пул салуу жагы да каралган.

Copyright © 2017 Maral FM