Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия алгачкы жолу айым элчини дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 1574 | 0

Сауд Аравиянын элчилик кызматка алгачкы жолу айымды дайындады.

Сауд Аравиянын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд ханзаада Риму бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Саудту АКШдагы элчиликке башчы кылып дайындады.

“ Сауд Аравиянын Америкадагы элчилигине министр рангында ханзаада Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Сауд дайындалат”,- деп жазылган буйрукта.

Ханзаада Рима — падышанын уулу Бандардын кызы. Ал 1983-жылдан 2005-жылга чейин 22 жыл аралыгында Сауд Аравиянын АКШдагы элчилигинин башчысы болуп эмгектенген.

Ханзаада Рима элчилик кызматка дайындалганга чейин Генералдык спорт федерациясынын өкүлү богон.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Ирактагы Курдистандын парламентине биринчи ирээт айым спикерлик кызматка дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM