Биз менен байланышыңыз

Трамп: Сауд ханзаадасын күнөөлөбөйбүз

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 618 | 0
Трамп

«Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиздин уулу, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салманды журналисттин өлүмү боюнча бир тараптуу каралабайбыз. Анткени анын бул ишке катышы жок экенин өзү да, атасы да айтууда. Вашингтон бийлиги бир жактуу каралоодон узак«.

Мындай пикирин АКШнын президенти Дональд Трамп  журналисттерге берген маегинде билдирди. «Кандай болгон күндө да Сауд Аравиясы биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Ханзааданын күнөөсү ачык далилденмейинче, бир нерсе айта албайбыз. Азырынча «билбейм» дегенден башка жообум жок»,-деп кошумчалады өлкө башчы.

Ушул аптанын башында дагы Трамп кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болгонуна карабай, Сауд падышалыгы менен мамилени үзбөй турганын билдирген. Анткени ал АКШ үчүн стратегиялык өнөктөш. Экинчиден, Саудия америкалык согуштук куралдарды сатып алуучу негизги кардар болуп саналат.

Эске салсак, белгилүү журналист Жамал Хашокжинин Стамбулдагы Сауд Аравиясынын элчилигинде киши колдуу болгонуна эл аралык коомчулук мураскер ханзаада Мухаммед бин Салманды айыптап келишет. Анткени журналист акыркы кездери аны Саудиянын тышкы саясаты үчүн кедергисин тийгизип жаткандыгы айтылып, өзгөчө Америка менен болгон мамилеге көлөкө түшурчү фигура катары айыптап келген.

Ошол эле учурда падышалыктын ичинде да аброюна олуттуу залака тийген мураскер ханзааданы бул макамынан ажыратуу демилгелери көтөрүлүп, ордуна кимди коёру тууралуу айың кептер жүргөн. Бирок бул жагдай тууралуу расмий Рияд эч нерсе айта элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM