Биз менен байланышыңыз

Венесуэланын 60тан ашык аскери Колумбиядан «качкын» статусун суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 551 | 0

Венесуэланын 60тан ашык аскери Колумбиядан качкын катары кабыл алуусун өтүндү. Бул тууралуу Колумбиянын миграция кызматынын башчысы Кристиан Крюгер айтты.

“Бизге Венесуэланын куралдуу күчтөрүнүн жана улуттук гвардиясынын 60 аскери бизге кайрылды. Көпчүлүгү Симон Боливар көпүрөсүнөн бизге өтүшкөн”, -деди ал.

Крюгердин айтымында, качкындардын өтүнүчү кадимкидей эле тартип менен каралат.

Эске салсак, Венесуэлагы элдик толкундоолор уланууда. Көтөрүлүшчүлөрдүн башындагы Хуан Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бирок Америка жана Европанын колдоосуна таянган Гуайдо кезексиз шайлоону уюштурууга аракет кылып, Мадуро тараптагы күч түзүмдөрүн өз катарына чакырууда.

Copyright © 2017 Maral FM