Биз менен байланышыңыз

Индияда 100дөн ашуун адам ичимдикке ууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 775 | 0

Индияда 100дөн ашуун адам спирттик ичимдикке ууланып каза болду. Бул туурасында The Quint сайты жазып чыкты.

Ассам штатында сапатсыз ичимдиктин айынан аз эле дегенде 131 жаран каза болгондугу маалыматта айтылат.

Каза болгондордун саны Джорхат жана Голагат райондорунда дагы өсүүсү мүмкүн.

Маалыматка ылайык, жумушчулар алган айлыгын майрамдап, курамында метанол заты бар сапатсыз шарап ичишкен. Буга чейин өкмөт бул суюктукту жаныбарларга ичирүүгө уруксат берген. Бирок кийин жарандар ичимдик катары колдонуп баштаган.

Февраль айынын башында Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында сапатсыз ичимдиктен 110-жаран каза болгону белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM