Биз менен байланышыңыз

Чиновниктер катышкан көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 705 | 0

Бүгүн, 23-февралда борбор калаадагы Аккула ат майданында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш башталды.

Мелдеш 4 команданын катышуусунда өтүп, ага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Жогорку Кеңештин курама командасы бул мелдеште төрага Дастанбек Жумабековдун баштоосунда катышып жатса, өкмөттүн курама командасынын башында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров турат.

Командалар дароо жарым финалдык баскычтан күч сынашып баштайт. Анда алгач өкмөт менен Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги беттешсе, Жогорку Кенештин курамасы журналисттер менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM