Биз менен байланышыңыз

НАТО Путинге нааразы

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 778 | 0

Түндүк атлантикалык альянс НАТО орус президенти Владимир Путиндин альянстагы өнөктөштөрүнө карата коркутуусуна нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу уюмдун расмий өкүлү кабарлады.

Анын айтымында Путиндин Федералдык жыйынга багыттаган кайрылуусунда Америка ракеталык келишимден чыкса, арты жакшы болбосу тууралуу опузасы орунсуз. НАТО жаңы согуштук курал жарышына кирүү жана өзөктүк программаларды ишке киргизүү ниети жоктугун да баса белгиледи.

Ошондой эле ал АКШнын аталган келишимден чыгуусуна Кремль жооптуу болорун кошумчалады. Ошондуктан ал Орусияны макулдашуунун шарттарын толук аткарууга чакырды.

Эске салсак, Владимир Путин кечээ Федералдык жыйындагы салтка айланган жылдык кайрылуусунда эл аралык ракеталык маселелерге да токтолуп, эгер Америка 1989-жылы кол коюлган орто жана жакын аралыктагы ракеталар тууралуу келишимди бузчу болсо, ал ракеталык программасын кеңейтерин жана бул НАТО өлкөлөрдүн аймагына багытталары ыктымалдыгын кыйыткан.

Copyright © 2017 Maral FM