Биз менен байланышыңыз

Путин кезектеги жылдык кайрылуусун жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 647 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жылдык салттуу кайрылуусун жасады.

Кайрылуусунда ал өлкөнүн акыркы абалы, жасалган иштер, пландар жана эл аралык мамилелердеги орчундуу маселелерге токтолду.

Аткаминерлерге кайрылган Путин: «Элди алдай албайсыңар! Калк ар бир жалганды, урматсыздыкты же эки жүздүүлүктү дароо байкайт. Аларга силердин кагаз түрүндө бүтүргөн иштериңер кызык эмес. Орусиялыктарды качандыр бир кезде эмес, азыр ишке ашчу жана өздөрү менен үй-бүлөөсүнө реалдуу пайда алып келчү иштер кызыктырат»,-деди.

Мындан сырткары Европаны америкалык ракеталык куралдарын өз аймагына жайгаштырбашы керектигин, болбосо өзүнүн куралдарын  НАТО өлкөлөрүнө жайылтарын эскертти.

Кошумчаласак, Путиндин бул кайрылуусу соңку кездери орус бийлигинин калк арасындагы рейтингинин түшүп турган кезине дал келди. Коомдук сурамжылоо жүргүзгөн уюмдар Путиндин кадыр баркы өткөн жылдын жайында ишке ашкан пенсиялык реформанын артынан өзгөчө төмөндөгөнүн кабарлашууда.

Copyright © 2017 Maral FM