Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 18 жашар кыз көп кабаттуу үйдөн тулку боюн таштады

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 883 | 0

20-февраль күнү Бишкекте 18 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылып, көп кабаттуу үйдөн тулку боюн таштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, окуя шаардын Туңгуч кичи районунда болгон. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 14:00гө кабар келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда кыз алты кабатуу үйдүн бир батиринин терезесинен секиргени жаткан. Ал эми батирдин эшиги жабык болгон.

-Милиция кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, килемди терезенин алдына жайып кармашкан. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачышып, кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү менен аларды укпай терезеден секирип кеткен. Ылдый жакта турган милиция кызматкери кызды куткарып алууга үлгүрүшкөн, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кыздын өздүгү такталып, май айында 18 жашка чыгары белгилүү болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM