Биз менен байланышыңыз

Бишкекте түнкү рейд учурунда 14 өспүрүм кармалды

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 488 | 0

Бишкекте түнкү рейд учурунда компьютердик клубтан 14 өспүрүм бала кармалган. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакырылып, протоколдор түзүлдү. Ошондой эле мындан ары кайталанбоосу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Компьютер клубдардын администраторлоруна түн ичинде жашы жете элек балдарды кабыл алуу боюнча эрежелер түшүндүрүлдү.

Жашы жете элек балдар ата-энелеринин көзөмөлү жок түнкүсүн коомдук жайларда болууга тыюу салынат.  Жайкы учурда 23:00дөн 06:00гө чейин жана калган мезилдерде 22:00дөн 06:00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Мыйзам боюнча ата-энелер балдардын коопсуздугуна, тарбиясына жана керектөөлөрүн камсыз кылууга  жоопкерчиликтүү.

 

Copyright © 2017 Maral FM